БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Бишкектеги "Ысык-Көл" мейманканасы жайгашкан жерде салына турчу президенттик администрациянын имараты тууралуу үн катты.
Эске салсак, кечээ өлкө башчы жаңы имараттын курулушуна капсула салган.
Жапаров коомчулукка жакшы иш жасасаӊ да, жаман иш жасасаӊ да жакпайсың деген.
"Ошол үчүн мурдагылар эч нерсе жасабай эле жыргап олтура берейинчи деп тажаган сыяктуу. "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна салынып жаткан Ак үйгө мамлекеттин бир тыйын акчасы кеткен жок. Болгону Президенттин иш башкармалыгына караштуу 16 гектар жерге алмашып жатабыз. Биз жер бердик, алар имарат куруп берди. Бүттү. Ансыз деле мамлекетке караштуу жерлерди 30 жылда талап-тоноп бүтүшүптүр. Бул 16 гектар жер деле бир күнү жеке колго өтүп кетмек. Андан көрө мамлекеттин пайдасына бир имарат туруп калсын дедик. Эч кам санабаӊыздар", — деп жазган өлкө башчы социалдык тармактагы баракчасына.
Ал ар бир жасаган иши, кабыл алган чечимдери жалпы элдин, мамлекеттин гана пайдасына болорун белгилеген.
Капсула салынган жерге 1984-жылы "Ысык-Көл" мейманканасы курулуп, бирок 2007-жылдан тарта колдонулбай калып, чекесинен жарактан чыга баштаган.