БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Россияга каршы ойлонулбаган экономикалык санкциялар бүткүл дүйнөгө көлөкөсүн түшүрө турган америкалык геосаясий авантюра. Бул тууралуу Кытайдын Global Times мамлекеттик гезитиндеги макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
Анда айтылгандай, дүйнөдөгү инфляция боюнча акыркы маалыматтар бул Украинадагы кризистин жана Батыш өлкөлөрүнүн экономикалык санкцияларынын кесепети экени ачык көрүнүп турат.
"Буга чейин дүйнө жүзү боюнча кескин инфляциянын себеби COVID-19 пандемиясы болуп келген. Азыр Украина кризисинен жана Батыштын Россияга каршы экономикалык санкцияларынан улам энергетика жана чийки зат баасынын кескин өсүшү баарыбызды кыйнап турат", — деп жазылат макалада.
Басылма белгилегендей, АКШнын инфляция боюнча башка өлкөлөрдү айыптоосу — өтө ийгиликсиз аракет. Ал өзүнүн кемчиликтерин жашырууну каалап жатат.
"Дүйнөлүк логистика системасы пандемиядан толук чыга элек учурда Украинадагы кырдаал жана антироссиялык санкциялар абалды курчутууда. Биз энергетикалык ресурстардын, чийки заттын жана азык-түлүктүн жетишсиздигин көрүп жатабыз. Азыр дүйнө өлкөлөрү Америка Кошмо Штаттарынын геосаясий авантюрасынын азабын тарта баштады", — деп айтылат Global Times гезитиндеги макалада.
Ошондой эле Батыштын санкциялары жаңы өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө баарынан көбүрөөк зыян келтирери айтылды.