Автоунаанын алдыңкы айнегин караңгылатуу канча турат? Өкмөттүн жаңы сунушу

Токтом кабыл алынса, ушул жылдын 1-июнунан тарта күчүнө кирет. Жеке тараптар 80 миң, юридикалык жактар 100 миң, чет элдиктерге 120 миң сомго тонировка алууга уруксат берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Автоунаалардын алдыңкы каптал айнектерин акы төлөп караңгылатуу үчүн айдоочулар (жеке жактар) жылына 80 000 сом төлөшү мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин токтомунун долбоорунда айтылды.
Тиешелүү мыйзамга кол коюлганга чейин 50 миң сом деп айтылган.
Юридикалык жактар 100 миң, чет элдиктерге 120 миң сомго тонировка алууга уруксат берилет.
Уруксат таксилерден башка жеңил унааларга гана берилет. Токтом долбоору боюнча тонировка колдонгусу келген автоунааларда отургучтар айдоочунукун кошпогондо сегизден ашпашы керек.
Ошондой эле жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыптарды төлөбөгөн жарандар алдыңкы каптал айнектерин караңгылата албайт.
Уруксат ээлери электрондук маалымат базасына киргизилип, Carcheck системасына интеграцияланат. Ыйгарым укуктуу орган уруксат бергенден кийин тонировканы каалаган адистештирилген пунктка чаптатса болот.
Токтом кабыл алынса, үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тарта күчүнө кирет.
Садыр Жапаров автоунаанын айнегин акы төлөп караңгылатуу мыйзамына кол койду