Көпүрө куруп, темир жол салган кыргыздар. Өндүрүш жанданган тарыхый ирмемдер

Кыргызстанда өндүрүш өткөн кылымдын башында жанданып, ишкана, мекемелер ачыла баштаган. Sputnik Кыргызстан агенттиги ошол кездеги архивдик ирмемдерди сунуштайт.
Sputnik
Азыркы Кыргызстандын аймагында XX кылымдын башында пахта, тери иштеткен, көмүр казган, кыш чыгарган ишканалардын иши жолго коюлган.
Ошондой эле ички инфраструктураны жакшыртуу максатында жолдор салынып, көпүрө, темир жолдор курулуп, Ысык-Көлдө кемелер жүк ташып каттай баштаган. Ал жылдардагы жумуштар негизинен ашар жолу менен жасалып, өнөр жайды ишке киргизүүгө эл жапа тырмак киришкен.
1 / 13

Борбор калаада курулган алгачкы көп кабаттуу турак жайлар. 1930-жыл

2 / 13

Кыргызстандагы кыш чыгарган биринчи механизацияланган өндүрүш. Токмок шаары, 1931-жыл

3 / 13

Жүк ташып келген кемелер, көл жээкте байыр алган төөлөр. 1931-жыл

4 / 13

Көпүрө салуу үчүн карагайларын даярдаган жергиликтүүлөр. Чүй облусу, 1936-жыл

5 / 13

Фрунзе шаарында дыйкандар үчүн салынып жаткан үй, 1930-жыл

6 / 13

Ашар жолу менен биригип жол салган кыргыздар. 1936-жыл

7 / 13

Пахта тазалаган завод. 1936-жыл

8 / 13

Тери иштеткен өндүрүш. 1936-жыл

9 / 13

Кыргыз ССРинин борборундагы базар. 1936-жыл

10 / 13

Ысык-Көлдө сүзгөн кеме. 1933-жыл

11 / 13

Темир менен иштегендер. Токмок шаары, 1931-жыл

12 / 13

Оштогу кездеме чыгарган ишканада эмгектенген күжүрмөн жумушчу

13 / 13

Кызыл-Кыядагы көмүр казган шахтачылардын айылы. 1936-жыл

Тема боюнча:
Кыргыздар 100 жыл мурун кантип чер жазган. Архивдик сүрөттөр
Көч көрктүү болсун! Кыргыздардын 150 жыл мурунку турмушунан сүрөт баян