Пакистандан да келет. Кыргызстан буудай менен унду кайсы өлкөлөрдөн алат

Өлкө буудай менен өзүн 40 пайыздай гана камсыздай алат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кыргызстан буудай менен унду чет мамлекеттен көп сатып алат.
Белгилей кетсек, өлкө бул жаатта өзүн 40 пайыздай гана камсыздай алат. 2020-жылы эксперттер Кыргызстанда дан керектөөсү жылына 1,2 миллион тоннаны түзөрүн айткан.
Редакция кайсы мамлекеттерден буудай импорттоло турганын тизмектеди. Маалымат толук болушу үчүн былтыркы жылдын көрсөткүчү алынды.

Буудай боюнча маалымат

Былтыр Кыргызстан сырттан 220,1 миң тонна буудай сатып алган:
Россия — 124,8 миң тонна;
Казакстан — 94,3 миң тонна;
Өзбекстан — 1 миң тонна;
Түркия — 15 тонна.

Ун боюнча маалымат

Өткөн жылы Кыргызстан 55,7 миң тонна буудай импорттогон:
Казакстан — 53,3 миң тонна;
Россия — 1,3 миң тонна;
Кытай — 970 тонна;
Өзбекстан — 2,9 тонна;
Пакистан — 0,3 тонна.
Кыргызстанда суу май канчага кымбаттады. Статистика