Жонглёр, аба акробатикасы, эквилибристика багыттары боюнча эл аралык гастролдорго чыгып, кыргыздын менталитетине таандык программалар даярдалат. Улуттук өзгөчөлүктөрүбүзгө байланыштуу көбү бизге суктанышат. Бул тууралуу Руслан Кубанычбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мамлекет тарабынан жетиштүү колдоо болбогондуктан цирк артисттери тиешелүү реквизиттерди өздөрү сатып алышат.
"Кыргыз мамлекеттик цирки учурда көрүүчүлөрдү кубантып, өз ишин улантып келет. Учурда "Алиса в стране чудес", "Красавица и чудовище" спектаклдери коюлуп жатат. Албетте, көйгөйлөр жок эмес. Мамлекет тарабынан жетиштүү колдоо болбогондуктан цирк артисттери тиешелүү реквизиттерди өздөрү сатып алып, программаларга даярданышат. Цирктин артисттери чет өлкөдөн көп чакыруу алып, кыска мөөнөткө иштеп келишет. Учурда Ирландиянын Дублин шаарында келишимдин негизинде өнөрлөрүн тартуулап жүрүшөт. Буга чейин Түркия, Бириккен Араб Эмирлиги, Германиядагы циркте кызмат өтөп келдик. Алдыда Кытайдан келишим сунуштап жатышат. Анткени биздин өнөрпоздордун ишине чет өлкөдө жакшы баа беришет", — деди Кубанычбеков.
Ошондой эле адис Кыргызстанда цирк адистерин даярдоого көңүл бурулбаганына карабастан жаштар арасында кызыгуу күчөп жаткандыгын кошумчалады.