Радио

Турганбаева: эмгекчилердин укук, милдети боюнча бир айлык жарыяланды

Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигинин Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын бөлүм башчысы Айкөл Турганбаева өлкөдө иш берүүчүлөрдүн жана кызматкерлердин укук, милдетин түшүндүргөн бир айлык жүрүп жатканын айтты.
Sputnik
Өлкөдө кызматчылардын эле эмес алар тарабынан иш берүүчүлөрдүн укугу сакталбаган учурлар да кездешет. Бул тууралуу Айкөл Турганбаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, министрликте иш берүүчү жана кызматкерлердин укук, милдеттери боюнча иш алып бара турган атайын кызмат түзүлдү.
"Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга ылайык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде да чоң өзгөрүүлөр болду. Анын алкагында Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө деген атайын кызмат түзүлдү. Биз кызматкерлер эле эмес, иш берүүчүлөрдүн укук, милдеттери боюнча да маселелер бар экенин аныктадык. Өзгөчө аймактарда иш берүүчү менен кызматкердин ортосунда жаралган ар түрдүү жагдайлар көп кездешет. Ошондуктан калктын ишке орношууда же кызматкер алууда өз укук, милдеттерин так билүүсүн камсыз кылуу максатында атайын бир айлык жарыяладык. Бул убакытта эмгек мыйзамдары боюнча түшүнүк берип, каалоочулардын бардык суроолоруна жооп беребиз. Атайын ачык эшиктер уюштурулуп жатат. Бишкек шаарынын Москва көчөсүндөгү №197 имаратындабыз. Ошондой эле аймактардагы бардык өкүлчүлүктөрүбүзгө кайрылууга болот", — деди Турганбаева.
Ал жарыяланган бир айлык апрель ичи өтөрүн кошумчалады.