ЕАЭБде товардын 300 түрүнөн бажы алымдары алынбайт

Бажы алымы макулдашылган товарлардын тизмесинде азык-түлүк, унаанын тетиктери, кагаз жана картон бар.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатуу үчүн бажы тарифтик чаралардын үчүнчү пакети бекитилди. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы кабарлады.
"ЕЭК кеңеши маанилүү импорттук товарлардын бажы алымдарынын коюмдарын убактылуу нөлгө чейин жеткирүү боюнча тараптардын жаңы сунушун карады. Талкуунун жыйынтыгында товардын 300 түрүнөн бажы алымын албай туруу макулдашылды", — деп айтылат маалыматта.
ЕЭКтин соода министри Андрей Слепнев бажы алымы макулдашылган товарлардын арасында органикалык эмес химиялык азык-түлүктөр, унаанын, жабдыктардын жана механизмдердин тетиктеринин айрым түрлөрү, буурчак өсүмдүктөрү, кагаз жана картон бар.
Слепнев буга чейин социалдык жактан маанилүү болуп турган тармактарды колдоо үчүн эки пакет жактырылганын белгиледи. 
Россия ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан азыктарын чыгарууга салган тыюуну алды