ЖМК: Британиянын спецназы украин аскерлерин кайра даярдыктан өткөрө баштады

Британиянын инструкторлору украин аскерлерине танканы кыйраткан NLAW ракеталарын колдонууну үйрөткөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Британиянын атайын дайындоодогу аскерлери Киевде жана калаанын жака белинде украин аскерлерин даярдыктан өткөрүүнү жандантты. Бул тууралуу Times газетасы жазды.
Басылмага Украинанын батальонунун эки офицери өткөн жумада Улуу Британиянын Өзгөчө аба күчтөрү кызматынын (SAS) инструкторлорунун жетектөөсү менен аскердик даярдыктан өткөнүн билдирген.
Киевдин Оболонский районунда жайгашкан аскер бөлүктө кызмат өтөгөн капитан Юрий Мироненко Британиянын инструкторлору украин аскерлерине танканы кыйраткан NLAW ракеталарын колдонууну үйрөткөнү келгенин айткан.
Буга чейин АКШнын штаб жетекчилери комитетинин төрагасы Марк Милли Америка союздаштары менен бирге украин аскерлерине танканы жок кылган жана зениттик 85 миң комплексти өткөрүп бергенин билдирген болчу.
Басылма февраль айында Британиянын аскер инструкторлору Украинанын аймагынан чыгып кеткенин жазган. Ал эми Британиянын Коргоо министрлиги инструкторлордун Киевге кайтканы тууралуу маалыматты ырастоодон баш тарткан эле.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Батыш Украинага курал ташуу менен өзүнүн коргонуусуна көйгөй жаратып алды