Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Элчи Антонов: АКШ Латын Американы Россияга каршы чыкпаганы үчүн коркутууда

Буга чейин АКШ кошуналарын Россияга, анын каржы институттарына жана өкмөт менен тыгыз байланышы бар жеке компанияларга каршы санкцияларды колдоого чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Вашингтон Латын Америка өлкөлөрүн коркутуу менен Россияга каршы санкцияларга кошулууга мажбурлап жатат. Бул тууралуу Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антоновго шилтеме берип РИА Новости жазды.
Буга чейин мамлекеттик катчынын орун басары Брайан Николс АКШ өзүнүн кошуналарын Россияга, анын каржы институттарына жана өкмөт менен тыгыз байланышы бар жеке компанияларга каршы санкцияларды колдоого чакырган.
"Мамлекеттик департамент Россияга каршы аракеттерге кошулуудан баш тарткан жана Украина кризиси боюнча өз көз карашы бар Латын Америкасынын позициясына кыжырданып жатат. Россияга каршы кампанияга кошулбаганы үчүн жаза катары аларга дагы ар кандай чектөөлөр менен коркутуулар болууда", — деди элчи.
Антоновдун айтымында, мындай чектөөлөр Латын Америка өлкөлөрүнүн экономикалык өнүгүүсүнө, азык-түлүк коопсуздугуна жана социалдык туруктуулугуна зыян тийгизет деген маселе Вашингтонду кызыктырбайт.
Россия 24-февралда Украинада атайын аскердик операциясын баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан зордук-зомбулукка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган.
Бул үчүн, анын айтымында, Украинаны демилитаризациялоо, Донбасстагы карапайым элге каршы кандуу кылмыштарга күнөөлүү бардык согуш кылмышкерлерин жоопко тартуу пландалууда.
Атайын операция башталган соң АКШ жана Европа биримдигине кирген мамлекеттер Россияга карата катаал санкцияларды киргизген. Бирок мындай кадамды дүйнөнүн бардык эле мамлекеттери колдогон эмес.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Элчи Антонов: АКШ менен РФ түздөн-түз аскердик тирешүүгө өтүшү мүмкүн