Бүгүн Жусуп Абдрахманов тууралуу даректүү тасманын бет ачары өтөт

Тарыхый тасманын сценарийин тарых илимдеринин доктору, профессор Асан Ормушев жазган. Фильмдин режиссёру — Мырзабек Айдаралиев.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Мамлекеттик тарых музейинде "Жусуп Абдрахманов кыргыз мамлекетинин негиздөөчүсү" аттуу тарыхый даректүү тасманын бет ачар аземи өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинен кабарлады.
Билдирмеге караганда, документалдуу кино 15-апрелде саат 17:00дө көрсөтүлөт.

"Тарыхый тасманын сценарийин тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер Асан Ормушев жазган. Фильмдин режиссёру — Мырзабек Айдаралиев. Мында тарыхый документтердин негизинде Абдрахмановдун ата-теги, уялаш бир туугандары, орус-тузем мектебинде окуган учуру чагылдырылган. Ошондой эле Алматыдагы, Москвадагы, Оренбургдагы, Самарадагы архивдеги документтердин негизинде мамлекеттик ишмердүүлүгү көрсөтүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Кинокартинада белгилүү саясатчылар, тарыхчылар жана коомдук ишмерлер Абдрахманов тууралуу ой пикирлерин билдиргени да кошумчаланды.
Кыргызды ачарчылыктан сактап калган. Жусуп Абдрахманов тууралуу 9 факты