Жапаров "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамга кол койду

Мыйзамдын мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө жана коррупцияны минималдаштырууга багытталганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.

"Мыйзам мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө жана коррупцияны минималдаштырууга багытталган. Мында мамлекеттик сатып алуулардын 4 методу (чектелбеген, чектелген, котировкаларды сурап алуу, бир булактан алуу) каралган. Мындан тышкары, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, ошондой эле уставдык капиталга катышуу үлүшүнүн 50 жана андан көп пайызы мамлекетке таандык болгон акционердик коомдордун, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдорунун сатып алуулары мыйзам тарабынан жөнгө салынбай тургандыгы белгиленген", — деп айтылган маалыматта.

Мыйзамдын максаты ресурстарды натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу жолу менен максималдуу пайдага жетүү, туруктуу өнүктүрүү жолу менен улуттун бакубаттыгын жогорулатуу экендиги айтылган.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 6-апрелинде кабыл алынган.
Садыр Жапаров автоунаанын айнегин акы төлөп караңгылатуу мыйзамына кол койду