Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Песков: Украинадагы операциянын башкы максаты — улутчул батальондорду жок кылуу

Маалымат катчынын айтымында, атайын операциянын алдына коюлган тапшырмалар аткарылышы керек жана аткарылат. Эч кандай күмөн саноо болбошу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Украинадагы атайын операциянын башкы максаты аймакты улутчул батальондордон бошотуу экенин Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
"Башкысы — аймакты улутчул батальондордон бошотуш керек. Операция уланып жатат жана алдыга коюлган максаттар баарына белгилүү. Алар аткарылышы керек жана аткарылат. Эч кандай күмөн саноо болбосун", — деди Песков журналисттерге.
Анын айтымында, согушкерлер жай тургундарды барымтага алып, социалдык объектилерди, үйлөрдү аткылабаган жерлерде тынч жашоо орной баштады.
"Ал эми улутчул батальончулар жүргөн жерлерде кармаш катуу болууда", — деди ал.
Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Владимир Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап, Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген.
Россиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирип келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинадагы атайын операция жакында аяктай турганы айтылды