Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинадагы атайын операция жакында аяктай турганы айтылды

Андрей Климов Батыш өлкөлөрү Украинага курал-жарак жеткирүүнү улантып, отко май чачып жатканын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Украинадагы атайын операция жакында аяктайт, Россия аны көпкө созууну каалабайт. Бул тууралуу "Единая Россия" партиясынын Эл аралык кызматташтык боюнча комиссиясынын орун басары Андрей Климовго шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Россиянын Украинадагы атайын операциясы жакында аяктайт, биз аны атайылап созуу ниетибиз жок. Украинанын биолабораторияларын көрүп, бул мамлекетти Россия жана бүткүл дүйнө үчүн коопсуз кылсак жетиштүү. Андан кийин аскердик фаза токтойт", — деди ал.
Ошол эле маалда Климов Батыш өлкөлөрү Украинага курал-жарак жеткирүүнү улантып, отко май чачып жатканын кошумчалады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Конашенков: Россияда чагымчылык кылса Киевге ракеталык сокку күчөйт