БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Россиянын аймагында украиналык аскерлер тарабынан чагымчылдык аракеттер болсо, Киевге жаңы ракеталык соккулар урулат. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенковго шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Россиянын аймагында Украинанын улутчул режими тарабынан террордук мүнөздөгү чабуулдар же саботаждар болсо, Киевдеги буталарга каршы ракеталык соккулардын саны көбөйүп, масштабы кеңейет", — деди ал.
Кабарда айтылгандай, өткөн түнү "Калибр" деңиз ракетасы Украинанын борбор калаасынын четиндеги "Визар" машина куруу заводуна тийген. Анда зениттик-ракеталык комплекстерди жасап чыгаруучу жана ремонттоочу цехтер талкаланды. Жалпысынан ар кайсы аймактарда 13 аскерий объектиге сокку урулду.
Кошумчалай кетсек, Россиянын С-400 абадан коргонуу системасы 14-апрелде Брянск облусунун Климово айылында чабуул жасаган Ми-8 тик учагын Черниговго жакын жерде атып түшүргөн. Харьков облусунун Лозовая айылына жакын жерде Су-27 учагы да атып түшүрүлгөн.
Акыркы суткада Россиянын Борбордук аймагынын Украина менен чектешкен бөлүгүндө төрт жолу аткылоо болду.
Ошентип бир күн мурун Белгороддун Журавлевка жана Сподарюшино айылдарына Украина тараптан ок атылды. Губернатор Вячеслав Гладковдун айтымында, жергиликтүү тургун жеңил жаракат алып, турак жайлар жабыркаган.
Кол салуу, жогоруда айтылгандай, Брянск облусунун Климово айылында жана ошол эле жердеги Новые Юрковичи чек ара бекетинде да болгон. Айылда сегиз адам, анын ичинде кичинекей бала жана улгайган аял жабыркаган.
24-февралда Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясын баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан бейбаштыкка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган.
БУУнун 14-апрелде тараткан маалыматына караганда, атайын операция башталгандан бери эки миңдей жай тургун каза болуп, 2,6 миң киши жаракат алган.