БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Касын тиккен өлкөлөрдүн банктары Россиядан алган мунай үчүн төлөмдү кечиктирип жатат. Бул туурасында Россиянын президенти Владимир Путин мунай газ секторундагы кырдаал боюнча кеңешмеде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Россиянын энергоресурстарын экспорттоо боюнча төлөмдөр үзгүлтүккө учурап жатат. Дал ошол касын тиккен өлкөлөр акча которууну кечиктирүүдө", — деди Путин.
Президенттин айтымында, Европа өлкөлөрү россиялык мунай заттан баш тартуу тууралуу тынбай айтып келет, муну менен рыногун туруксуздаштырып, өз колу менен бааны чайкап жатат. Ошол эле учурда алар Россиянын мунайы менен газынан кыйгап өтө албай турганын моюндашууда.
"Батыш өлкөлөрү россиялык жеткирүүчүлөрдү сүрүп чыгарууга аракет кылууда, бирок биздин энергоресурстардын ордун башка жактан толтуруу бүтүндөй дүйнөлүк экономикага таасирин тийгизет. Мындай кадамга баруунун кесепети өтө оор, биринчи кезекте ушундай саясаттын демилгечилеринин өздөрүнө сокку болот", — деди Россия лидери.
Деген менен Батышка мунай зат экспорттоонун көлөмү баары бир азая турганын, андыктан тез арада өсүүчү түштүк менен чыгыштагы рынокту көздөй багыт алуу талап кылынарын белгиледи. Бул үчүн жакынкы күндөрү негизги объектилерди аныктап, курулуш иштерине киришүү керектигин айткан.