Путин жана Россиядагы башка жогорку кызматтагылар былтыр канча акча тапкан? Сандар

Былтыркы кирешелерин президент, премьер-министр, Федерация кеңеши менен Мамдума спикерлери жана башка аткаминерлер декларациялашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин 2021-жылы 10,2 миллион иштеп тапкан. Мамлекеттин башчысынын кирешеси, чыгашасы, мүлкү тууралуу маалыматтар Кремлдин сайтына жарыяланган.
Путиндин декларациясында 77 чарчы метрлик батир жана гараж көрсөтүлгөн, андан сырткары, колдонуудагы дагы бир аянты 153,7 метр чарчы метр болгон турак-жайы 18 чарчы метрлик гаражы менен биргеликте жазылган. Булардан сырткары, ГАЗ М21 жана "Нива" автоунаалары, "Скиф" чиркегичи катталган.
Өткөн жылдагы башка жогорку кызматтагылардын кирешелери белгилүү болду:
Өкмөттүн башчысы Михаил Мишустин — 18,3 миллион рубль;
Минпромторг жетекчиси Денис Мантуров — 704,7 млн. рубль (өкмөттөгү эң көп киреше);
Президенттин жардамчысы Владимир Мединский — 106,77 млн. рубль деп катталган. Мындай сумма 20 жылдан бери өзүнө катталган батирин сатканы менен байланыштуу деп жазылган "Пул N3" Телеграм каналында.
Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков — 14,5 млн. рубль;
ТИМ жетекчиси Сергей Лавров — 12,6 млн. рубль.
Садыр Жапаров жана анын үй-бүлөсү кандай мал-мүлккө ээлик кылары жарыяланды