Жапаров президенттик администрациянын имаратынын курулушуна капсула салды. Сүрөт

Курулуштун жалпы аянты 21 миң чарчы метрди түзө тургандыгы маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров президенттин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушуна капсула салды.
1 / 7

Мамлекет башчы Садыр Жапаров президенттин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушуна капсула салды

2 / 7

Мамлекет башчынын маалымат кызматы Жапаров имаратты сала тургандарга кайрылып, курулуштун сапаттуу жүргүзүлүшү маанилүү экендигин айткандыгын жазды

3 / 7

Жапаров жалпы аянты 21 миң чарчы метрди түзө турган жаңы имарат сапаттуу салынарына, көп жылдар бою кызмат кыларына ишенерин жана үмүт артарын билдирди

4 / 7

Мамлекет башчы буга чейин бул жерде өткөн кылымдын 50-жылдарында курулган "Ысык-Көл" мейманканасы жайгашканын, анын имараты жараксыз абалга келгенин эске салды

5 / 7

Жапаровго келечекте долбоор боюнча президенттик администрациянын имаратынын маңдайында жайгаша турган административдик комплекстин концепциясы көрсөтүлгөн

6 / 7

Жаңы административдик комплекстин курулушу борбордук башкаруу аппаратынын ишин оптималдаштырууга, башкарууну майнаптуу жүргүзүүгө шарттарды түзүүгө, уюмдардын өз ара иштешүүсүн тездетүүгө, техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдарды оптималдаштырууга мүмкүндүк берери белгиленген

7 / 7

Административдик комплекс заманбап жана көп функционалдуу, өнүккөн инфраструктурасы бар, пландаштырылган шаардык түзүлүшкө интеграцияланган комплекстердин бири болуп калары айтылган.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы Жапаров имаратты сала тургандарга кайрылып, курулуштун сапаттуу жүргүзүлүшү маанилүү экендигин айткандыгын жазды. 
"Мамлекет башчы буга чейин бул жерде өткөн кылымдын 50-жылдарында курулган "Ысык-Көл" мейманканасы жайгашканын, анын имараты жараксыз абалга келгенин эске салды. Ушуга байланыштуу бул жерде жаңы имараттын курулушун баштоо чечими кабыл алынган. Жапаров жалпы аянты 21 миң чарчы метрди түзө турган жаңы имарат сапаттуу салынарына, көп жылдар бою кызмат кыларына ишенерин жана үмүт артарын билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Жапаровго келечекте долбоор боюнча президенттик администрациянын имаратынын маңдайында жайгаша турган административдик комплекстин концепциясы көрсөтүлгөн. Жаңы административдик комплекстин курулушу борбордук башкаруу аппаратынын ишин оптималдаштырууга, башкарууну майнаптуу жүргүзүүгө шарттарды түзүүгө, уюмдардын өз ара иштешүүсүн тездетүүгө, техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдарды оптималдаштырууга мүмкүндүк берери белгиленген.
"Мамлекеттик органдардын бир комплексте жайгашуусу чечимдерди иштеп чыгуу процессин тездетет, ордо калаанын борбордук бөлүгүндөгү жол тармагына жүктү азайтат. Маалым болгондой, административдик имараттардын азыркы жайгашуусу – көпчүлүк мамлекеттик органдар негизинен Бишкектин борбордук бөлүгүндө топтолгон. Муну менен шаардын борборунда жол кыймылына жана тургундарга белгилүү ыңгайсыздыктар жаралууда", — деп жазылган маалыматта.
Административдик комплекс заманбап жана көп функционалдуу, өнүккөн инфраструктурасы бар, пландаштырылган шаардык түзүлүшкө интеграцияланган комплекстердин бири болуп калары айтылган.
Капсула салынган жерге 1984-жылы "Ысык-Көл" мейманканасы курулуп, бирок 2007-жылдан тарта колдонулбай калып, чекесинен жарактан чыга баштаган.
Чаңы асманга сапырылып… "Ысык-Көл" мейманканасын бузуп жаткан видео