Кыргызстандын кайсы аймагында жумушсуздар көп? Статистика

Министрликтин маалыматы боюнча, 2022-жылдын биринчи кварталында 3 400 адам жумушка орношкон.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. 2022-жылдын биринчи кварталында Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калктын 3 пайызын түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкөдө экономикалык жактан активдүү калктын саны 2 миллион 595,4 миң адамды түзсө, анын 2 миллион 445,2 миңи жумуш менен камсыз болгон.
Расмий жумушсуздуктун жогорку деңгээли Баткен (6,1 пайыз) жана Жалал-Абад (5 пайыз) облустарында. Ал эми жумушсуздуктун төмөн деңгээли Бишкек шаары (1,3 пайыз) менен Чүй облусунда (1,6 пайыз).
Быйылкы жылдын биринчи кварталында иш менен камсыз кылуу кызматтарына каттоого 101,7 миң адам турган. Анын ичинен 76,9 миң адамдын жумушсуз деген статусу бар.
"2022-жылдын алгачкы үч айында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ишке орноштуруу кызматтарына 44,5 миң адам кайрылган. Азыркы учурда 3 400 киши ишке орношту, калгандарына кесип тандоо боюнча консультациялар берилди", — деп айтылат маалыматта.
1 644 адам газ электр ширетүүчү, чач тарач, компьютер оператору, 1С билими бар бухгалтер, ашпозчу, тигүүчү, кеңсе менеджери, электр куроочу, айдоочу боюнча кесиптик окутууларга жөнөтүлгөн. Акы төлөнүүчү коомдук иштерге 2 450 адам жиберилген. Ал эми 157 жаран жумушсуздук боюнча жөлөк пул алары кошумчаланды.
Кирешени көбөйтүү үчүн кошумча иш издөөнүн кереги жок. Адистин түшүндүрмөсү