Кыргызстандын банктары долларды сатууга чектөө киргизди. Улуттук банк эмне дейт

Эки күндөн бери Кыргызстандагы бир катар банктарда долларды сатууга чектөө киргизилди. Көпчүлүк буга нааразы болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Коммерциялык банктарда доллар жетиштүү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Улуттук банк билдирди.
Эске салсак, эки күндөн бери Кыргызстандагы бир катар банктарда долларды сатууга чектөө киргизилди (100дөн 2 000 долларга чейин). Көпчүлүк мессенджер-колдонуучулар айрым банктар чет элдик валюта сатпай жатканын айтып арызданышууда.
"Улуттук банк коммерциялык банктардын чет элдик валютаны сатып жана сатып алышына эч кандай чектөө киргизген эмес. Бүгүнкү күндө коммерциялык банктарда керектөөнү камсыздоо үчүн жетиштүү доллар бар", — дешти башкы банктан.
Кээ бир банктар доллар сатууга чек койду. Учурда кырдаал кандай?