Бишкектеги Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы мэриянын балансына өттү

Кыргыз-түрк достугуна арналган оорукананын курулушу ТИКА уюмунун каржылоосу менен 2016-жылы башталып, 2018-жылы аяктаган. Оорукана былтыр 26-августта расмий түрдө эшигин ачкан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бишкектеги Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы мындан ары мэриянын балансында болмокчу. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.
"Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин жардамы менен аталган оорукана шаар балансына берилди. Ооруканада жалпы жонунан 72 орун бар, анын 21и реанимациялык койка. Мындан сырткары, ангиограф, компьютердик томография, магниттик-резонанстык томография, маммография, рентген, УЗИ, гастроскоп, эхокардиограф жана башка көптөгөн диагностикалык жабдыктар бар", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, кыргыз-түрк достугуна арналган оорукананын курулушу ТИКА уюмунун каржылоосу менен 2016-жылы башталып, 2018-жылы аяктаган. Оорукана былтыр 26-августта расмий түрдө эшигин ачкан.
Бишкектеги Тез жардам ооруканасында жаңы бөлүмдөр ачылды. Сүрөт