Радио

Мамытов: Рахмондун бийликке келишине Медеткан Шеримкуловдун салымы чоң

Коомдук жана саясий ишмер, коопсуздук жаатындагы эксперт Токон Мамытов чек ара чырын саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү зарылдыгын белгиледи.
Sputnik
Медеткан Шеримкулов Кожентке барып тажик парламентинин отурумунда Эмомали Рахмонду президент шайлаткан. Бул тууралуу Токон Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тажик бийлиги кыргыздар жасаган жакшылыктарды унутпашы керек.
"Чек ара чырында айбат көрсөтүп турууга болот. Бирок ал куралдуу күч колдонуу менен коштолбошу керек. Саясий дипломатиянын дагы агрессивдүү ыкмалары бар. Ал үчүн акыл калчап, тийиштүү маалыматтарды изилдеп чыгуу зарыл. Ошонун алкагында сүйлөшүү стратегиясын түзүп, керектүү учурларда протест, сүйлөшүүлөргө барбай коюу, андан чыгып кетүү жана токтотуп туруу сыяктуу ыкмаларды колдонуш керек. Ал тургай айрым тарыхый аспектилерди дагы эсине салып туруу шарт. Тажик тарап оор абалга туш болуп, жарандык согуш чыкканда качкындарды кабыл алып кыргыздар жардам берген. Кийин сүйлөшүү процесси Бишкекте кыргыз тараптын ортомчулугу менен өткөн. Союз тарагандан кийин Жогорку Кеңештин төрагасы автоматтык түрдө президент болгон. Ошондо ал кездеги кыргыз парламентинин спикери Медеткан Шеримкулов Кожентке (ал кезде Ленинабад) барып, Тажикстандын парламентинин жыйынын уюштуруп, азыркы президентти шайлаткан. Муну дагы унутпаш керек. Өткөн жылдагы куралдуу кол салуудан кийин тажик бийлигин эл аралык сотко берүү үчүн коомчулук тарабынан жабыр тарткандар жана башка бардык фактылар топтолгон. Бирок бийлик ынтымакка келүү үчүн эл аралык сотко кайрылуудан баш тартты. Мындай сый мамилени тажик бийлиги алсыздык катары кабыл алып жатат. Ошондуктан дипломатиянын катуу күчүн дагы пайдалануу зарыл", — деди Мамытов.
Ошондой эле ал чек ара чырын чечүү үчүн кыргыз бийлиги өлкөнүн интеллектуалдык потенциалын колдонуусу керектигин кошумчалады.