Германияда электр энергиясынын артынан нан менен май да кымбаттады

Өлкөдө нан менен ак майдын баасы 18 пайызга өскөн. Ошондой эле өсүмдүк майы 30 пайызга кымбаттап, дүкөндөрдө тартыш болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Германияда электр энергиясынын тарифинин артынан нан менен май кымбаттап баштады. Бул тууралуу жергиликтүү Frankfurter Allgemeine гезити жазды.
Нан менен ак майдын баасы 18 пайызга өскөн, экинчи сорттогу арзан май дагы 2 евродон (176 сомдон) сатылууда. Супермаркеттерде 250 граммдык майлар үч евродон турат. Федералдык статистикалык башкармалыктын маалыматы боюнча, былтыркы жылдын март айына салыштырмалуу майдын баасы орточо 17,6 пайызга өскөн.
Ал эми өсүмдүк майы 30 пайызга өсүп, дүкөндөрдө тартыш болууда. Украинадагы кырдаал буудай рыногун солгундаткандан бери нан дароо кымбаттаганы айтылат.
Керектөө бааларынын индексинин маалыматында январда жалпы инфляциянын деңгээли 4,9 пайызды түзгөн, ал эми февралда 5,1 пайызга, мартта 7,3 пайызга жеткен.
Басылма дүң баалар да өскөнүн белгиледи. Бир жыл ичинде дүңүнөн алынган мунай заттарынын баасы 70 пайызга өскөн. Өзгөчө көмүр (62 пайызга), кен жана металл (55,8 пайызга), дан, чылым, урук жана малдын жеми (43 пайызга) кымбаттаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кыйноо болду. Улуу Британия ишкерлери кымбатчылыкка нааразы