Жайылда жеңил автоунаа бетон тосмону сүзүп, эки адам көз жумду

Жол кырсык Петропавловка жана Полтавка айылдарынын ортосунда болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Чүйдүн Жайыл районунда жеңил автоунаа бетон тосмону сүзүп, эки киши каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жол кырсыгы 14-апрель күнү кечки саат 22:00дөр чамасында болгон.
"Бишкек — Ош жолунун 54-чакырымында (Петропавловка жана Полтавка айылдарынын ортосунда) RENO Clio үлгүсүндөгү автоунаа жолдун ортосундагы бетон тосмону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 30 жана 26 жаштагы эки эркек адам көз жумган", — деп айтылат маалыматта.
Куткаруучулар жеткенге чейин каза болгондордун сөөгүн автокөлүктөн жергиликтүү тургундар чыгарып алышкан. Кырсык болгон жерге ӨКМдин төрт куткаруучусу тартылганы кошумчаланды.
Бишкекте айдоочу милицияны койдуруп кетти