Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Батыш Украинага курал ташуу менен өзүнүн коргонуусуна көйгөй жаратып алды

Автор Пентагон өкүлүнүн Киев күн сайын танкка каршы ок-дарыларынын бир жумалык запасын жоготуп жатканы тууралуу айткан сөзүнө көңүл бурган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Батыш өлкөлөрү Украинага курал ташыганын улантууну же өзүнүн коргонуу арсеналын сактап калууну тандоого аргасыз. Мындай пикир Bloomberg агенттиги жарыялаган макалада жазылган.
Материалдын автору Хал Брэндс Пентагон өкүлүнүн Киев күн сайын танкка каршылык көрсөтүү ок-дарыларынын бир жумалык запасын жоготуп жатканы тууралуу айткан сөзүнө көңүл бурган.
"Бул батыш өлкөлөрүнүн алдына оор тандоону коёт: Украинага кошумча курал жеткирүү же жеке өзүнүн коргонуусуна керектелген запаска кам көрүү", — деп жазылган макалада.
Брэндс АКШ экинчи дүйнөлүк согушка кошулуунун алдында президент Франклин Рузвельт аскердик кеңешчилери менен Улуу Британияга курал жөнөтүш керекпи же өлкөнү коргоо үчүн өзүбүздө калтыруу зарылбы деп талкуулаганын эске салды. Автордун айтымында, учурда Вашингтон дал ушундай кырдаалга жакындап калды.
АКШнын Биргелешкен комитеттер жетекчилеринин штабынын төрагасы Марк Милли буга чейин америкалыктар союздаштары менен биргеликте украин аскерлерине 60 миң танкка каршы жана 25 миң зениттик комплекс бергенин билдирген.
Бул жумада АКШ президенти Украинага 800 миллион долларга бааланган аскердик жардамдын жаңы пакети бөлүнгөнүн маалымдаган. Анда артиллерия, ок өтпөс транспорттор жана тик учактар бар.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кытай АКШ Украинадагы абалды курчутуу менен эмнени көздөп жатканын айтты