Аскер кызматкерлери баңгизат сатууга шектелип кармалды. Видео

Аскерлер сатуу боюнча системалык канал түзгөн деп айыпталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. УКМК Аскер прокуратурасы менен биргеликте баңгизат колдонууга жана сатууга шектелген Коргоо министрлигинин аскерлерин кармады. Бул тууралуу атайын кызматтан билдирди.
Ага ылайык, прапорщик К.А.Ж. менен ефрейтор Б.Н.К. бир канча убакыттан бери Бишкектеги жарандарга гашиш сатуу боюнча системалык канал түзгөн деп айыпталууда.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") менен кылмыш иши козголгон. Аскер кызматкерлери Бишкек гарнизонунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иштери жүрүп жатат.
УКМК: Ошто баңгизат сатууга аракет кылган делип подполковник кармалды