"Кыргызстандын бермети" спорттук фестивалы Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылында 15-июндан 3-июлга чейин өтөт. Бул тууралуу Бекболсун Советбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ири иш-чара спорттун 29 түрүн камтып, ондогон өлкөнүн өкүлдөрү келери күтүлүүдө.
"Кыргызстандын бермети" эл аралык спорттук фестивалы 2016-жылдан тарта Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп келет. Былтыр пандемияга байланыштуу катышуучулардын саны аз болуп калган. Быйыл ири мелдешке 20 миңге чукул спортчу спорттун 29 түрү боюнча күч сынашат. Мурда спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча гана жеңүүчүлөр аныкталып келсе, эми олимпиадалык, паралимпиадалык жана улуттук спорт да кошулду. Мелдеш эркин жана грек-рим күрөшү, грэпплинг, көркөм гимнастика, футбол, дзюдо, кум үстүндө волейбол, самбо, армрестлинг, алыш күрөшү, ордо, кикбоксинг, пауэрлифтинг сыяктуу түрлөрүн камтыйт. Учурда уюштуруу иштери кызуу жүрүп, даярдык көрүлүүдө", — деди Советбеков.
Ошондой эле адис "Кыргызстандын бермети" спорттук фестивалы туризмди өнүктүрүүгө, улуттук маданиятты, каада-салтты жайылтууга багытталганын кошумчалады.