Жума күнгө карата аба ырайы

15-апрелде абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Жума күнү республиканын айрым райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +22…+27, Таласта +21…+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +24…+29, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +16…+21 градус жогорулайт.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын жаабайт. Күндүн табы борбордо +25…+27, Ош калаасында +27…+29 градусту көрсөтөт.
Жаан жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы