БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Өзбекстандын премьер-министринин орун басары, инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаковду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров Өзбекстан Кыргызстандын маанилүү тышкы саясий жана стратегиялык өнөктөшү экенин белгилеген.
Ошондой эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев май айында өлкөгө келиши күтүлүп жатканын, эки тараптуу сүйлөшүүлөр боордош мамлекеттер ортосундагы мамилелерди жана кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгара турганына ишенимин билдирген.
Жапаров жаңы ачылган Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү эки өлкөнүн ишкерлеринин соода-инвестициялык байланыштарын кеңейтүүгө көмөктөшө турганын айтты.
Өз кезегинде Сардор Умурзаков Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен анын Кыргызстанга сапарын даярдоо максатында келгенин, ошондой эле эки элдин мамилесин жана кызматташуусун өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даярдыгын билдирген.
Мындан сырткары, Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду эки боордош мамлекеттин соода-экономикалык кызматташтыгын арттыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача турганын белгиледи.