Самыйкожо: билим берүү чоң коркунучта, мектеп директорун аким дайындап жатат

Эл өкүлү Мирлан Самыйкожо акимдердин билим берүү системасына кийлигишүүсүн туура эмес деп сындады.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Мектеп директорлорун акимдер дайындап жатат, мындай кадам билим берүү системасына өтө чоң коркунуч жаратат. Бул пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо парламентте билдирди.
Эл өкүлү акимдердин билим берүү системасына кийлигишүүсүн туура эмес деп сындады.
"Азыр мектеп директорлору, Райондук билим берүү башкармалыгы акимдерге карап калды. Директорду аким дайындап жатат. Акимдин чарбачылык жана аймакты өнүктүрүү менен алектенүүдө жумушу жетиштүү деп ойлойм. Мугалимдер билим берүүчү эмес, отчет берүүчү болуп калбайбы, коробка ташыгычка айланып калбайбы деген солдойгон собол жаралат. Билим берүүнү акимдерге эмнеге берип жатабыз? Эгер мындай болсо, эртеңки келечектен үмүт үзүш керек", — деди Самыйкожо.
Мындан сырткары, ал билим берүү жана илим министрин беш жылга кызматта отура тургандай кылып шайлоону сунуштады. Андан кийин гана жыйынтык күтүү керектигин белгиледи.
Депутат: мектепте англис тилин көп окутуп, лицейге IT сабагын киргизиш керек