Садыр Жапаров автоунаанын айнегин акы төлөп караңгылатуу мыйзамына кол койду

Мыйзамдын максаты — тартип бузуулар менен кылмыштуулуктун санын азайтып, бюджетке түшчү каражаттын көлөмүн көбөйтүү.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров автоунаанын айнегин акы төлөп караңгылатуу мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Анда мыйзамдын максаты тартип бузуулар менен кылмыштуулуктун санын азайтып, бюджетке түшчү каражаттын көлөмүн көбөйтүү болуп саналары белгиленген. Мыйзамда унаалардын алдынкы айнектерин караңгылатууга уруксат берилет.

"Дүйнөлүк практика өнүккөн өлкөлөрдө унаалардын терезелери караңгылатыларын көрсөттү. Мисалы АКШ, Япония, Кытай жана башка ушул сыяктуу өлкөлөрдө. Ошондой эле транспорт каражаттарынын маңдайкы жана алдынкы эшиктеринин айнектерин күңүрттөөгө акы төлөө кошуна Өзбекстан жана Тажикистанда дагы уруксат берилген", — деп жазылган маалыматта.

Буга чейин Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алган. Добуш берүү учурунда 50 депутат макул, 29у каршы позициясын билдирген.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин айтымында, бир унаанын терезесин караңгылатуунун жылдык акысы 50 миң сомдун тегерегинде болот. Так баасын министрлер кабинети мыйзам кабыл алынгандан кийин чечет. Алдын ала божомол боюнча, мындан бюджетке жылына 500 миллион сом түшөт.
Автоунааларга видеорегистратор коюлсун. Өкмөт ИИМге мыйзам иштеп чыгууну тапшырды