Washington Post: РФке каршы санкциялар АКШнын экономикасын алсыратат

АКШнын Эмгек министрлиги өлкөдө жылдык инфляция марттын жыйынтыгы боюнча 8,5 пайызга жогорулаганын, мындай көрсөткүч 1981-жылдан бери биринчи жолу катталып жатканын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. АКШнын Россияга каршы киргизген санкциялары Кошмо Штаттарда баалардын өсүшүнө, экономиканын ого бетер төмөндөшүнө алып келет. Бул тууралуу Washington Post газетасы жазды.
"Санкциялардын күчөшү ар кыл тармакта, анын ичинде энергия булактары менен ундан жасалган тамак-аштын баасынын өсүшүн шарттайт", — деп жазды гезит.
Ошондой эле басылмада Байдендин миссиясы Россияны жазалоо экени айтылат.
АКШнын Эмгек министрлиги өлкөдө жылдык инфляция марттын жыйынтыгы боюнча 8,5 пайызга жогорулаганын, мындай көрсөткүч 1981-жылдан бери биринчи жолу катталып жатканын билдирген. Ошондой эле күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүккө болгон баа дагы 8,5 пайызга өскөн.
Россиянын Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын операциясы башталгандан тарта Батыш Москвага санкция боюнча басымдарын катуулатты. Чектөө биринчи иретте банк системасы менен жогорку технологиялык продукцияларды ташып келүү жолдоруна коюлду. Бирок мунун баары Батыш өлкөлөрү үчүн экономикалык көйгөйлөрдү жаратты.
АКШда Россия доллардын үстөмдүгү жок "аалам" түзө алганын моюндашты