БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. "Өлбөс полк" жүрүшүн кээ бир мамлекеттерде өткөрүүгө тыюу салынышы мүмкүн, бирок ыктыярчылар даярдалып жатат, андыктан акцияга онлайн катышууга болот. Бул тууралуу РИА Новости Россиянын "Жеңиш ыктыярчылары" коомдук кыймылынын борбордук штабынын төрагасы Ольга Занкого шилтеме берип жазды.
"Бир нече мамлекет "Өлбөс полк" акциясын өткөрбөй турганы анык болду. Айрымдары мыйзам менен тыюу салууда. Мисалы, Латвиянын парламенти Жеңиш күнүн майрамдоого тыюу салган мыйзамды кабыл алды", — деди Занко.
Ал жүрүш кайсы мамлекеттерде боло турганы такталып жатканын кошумчалады.
"Эгерде сиздердин өлкөдө "Өлбөс полкко" тыюу салынса тууганыңыздын аты-жөнүн сүрөтү менен бизге кетириңиз. Ыктыярчылар сүрөтүн жүрүштө көтөрүп өтүп беришет", — деген иш-чаранын уюштуруучусу.
Ал иш-чараны өткөрүүгө 50 миңден ашуун ыктыярчы тартылышы мүмкүндүгүн айтты. Анын дээрлик көбү жаштар.
2022-жылы акция кадимки форматта өтөт. 2020-2021-жылдары коронавирус пандемиясына байланыштуу Россияда жүрүш онлайн түрдө болгон.