БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду расмий түрдө ачылып, ишке киришти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Өзбекстандын вице-премьери – инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков катышты.
"Бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек чек арасына жакын аймакта логистикалык борборлорду куруу боюнча долбоорлор активдүү фазада ишке ашырылып жатат. Кызыл-Кыя шаарындагы Фергана жана Баткен облустарын байланыштырган соода-логистикалык борборду курууга өзгөчө көңүл бурулууда. Аны ишке киргизүү эки өлкө ортосундагы экспорт-импорттук операцияларды өнүктүрүүгө чоң түрткү берет деп ишенем", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал Кызыл-Кыя шаарын Кытайга чектеш Эркечтам өткөрүү пункту менен байланыштырган унаа жолунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу иштери башталганын айткан.
"Ал жерде логистикалык борбор куруу да пландалууда. Кыргызстан Өзбекстан менен Кытайдын ортосундагы транзиттик көпүрө катары чыгууга даяр. Мындай келечектүү инфраструктуралык долбоорлор артыкчылыктуу маселе катары каралат. Аны менен катар биз Өзбекстанга цемент, көмүр, картошка, эт, сүт жана сүт азыктарын жеткирүүнү камсыздоого жана анын көлөмүн жогорулатууга даярбыз. Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруучу аянтча катары бизнес субъекттеринин түз байланышын чыңдоого чоң салым кошуп, биргелешкен ишканаларды ачууга өбөлгө түзөт деп үмүттөнөм", — деди өкмөт башчы.
Ал эми Өзбекстандын вице-премьери эки өлкө президенттеринин саясий эркине жараша кызматташуунун деңгээли жаңы баскычка көтөрүлгөнүн белгилеген.
Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы 50 миллион долларды түзөт. Келечекте анын көлөмү 200 миллион долларга чейин жогорулатылат. Уюмдун штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашкан.