Олимпиадага катышкан дзюдочу Владимир Золоевге батир берилди. Сүрөт

Золоев — кыргыз дзюдосунда жылдызы жанып келе жаткан спортчу. Акыркы жылдары көп ийгиликтерди жаратууда.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Токио Олимпиадасына катышкан кыргызстандык дзюдочу Владимир Золоевге КРдин Дзюдо федерациясы батирдин сертификатын тапшырды. Бул тууралуу спорттук уюм кабарлады.
Токио Олимпиадасына катышкан кыргызстандык дзюдочу Владимир Золоевге КРдин Дзюдо федерациясы батирдин сертификатын тапшырды
Батирдин сертификаты спортчуга Бишкектеги дзюдо академиясында тапшырылган. Иш-чарага федерациянын президенти Жолдошбек Көлбаев, анын орун басарлары жана машыктыруучулар катышты.
Золоев — эл аралык класстагы спорт чебери, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын катышуучусу, Азия жана Океаниянын чемпиону, ошондой эле көптөгөн эл аралык жана республикалык мелдештердин жеңүүчүсү.
Федерация мүчөлөрү өлкөдө машыктыруучулук ишин жыйыштырып кетип жаткан Отар Бестаевге ийгилик каалаган. Россиялык спортчу 2015-жылдан бери улуттук курама команда менен мелдештерге катышып келет. Эл аралык класстагы спорт чебери наамын алган, Азия чемпионатынын байге ээси жана Рио Олимпиадасына катышкан.
Султанбекова: 19-майда Ошто Азия чемпионаты болмок, өкмөт каражат бербей жатат