Санэпидем борборлоруна жаңы үлгүдөгү "Нива" автоунаалары тапшырылды. Сүрөт

Техника Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "COVID-19га шашылыш чара көрүү" долбоору аркылуу сатып алынган. Унаалар дары-дармектерди жеткирүү жана ПЧР-изилдөөлөр үчүн биоматериалды ташууга колдонулат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна жаңы үлгүдөгү "Нива" автоунаалары тапшырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна жаңы үлгүдөгү "Нива" автоунаалары тапшырылды

2 / 3

Автоунааларды тапшыруу аземи бүгүн, 14-апрелде, болду

3 / 3

Техника Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "COVID-19га шашылыш чара көрүү" долбоору аркылуу сатып алынган. Унаалар дары-дармектерди жеткирүү жана ПЧР-изилдөөлөр үчүн биоматериалды ташууга колдонулары кошумчаланды.

Автоунааларды тапшыруу аземи бүгүн, 14-апрелде, болду.
Техника Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "COVID-19га шашылыш чара көрүү" долбоору аркылуу сатып алынган. Унаалар дары-дармектерди жеткирүү жана ПЧР-изилдөөлөр үчүн биоматериалды ташууга колдонулары кошумчаланды.
Саламаттык сактоо министрлигине жалпы суммасы 1 014 300 долларды түзгөн 69 санитардык автоунаа тапшырылган.
Ташиев: Кыргызстан 55 ок өтпөс, 50 аскердик жүк ташуучу автоунаа сатып алды