Тасмада каржы пирамидасына, тармактык маркетингге катталууда, криптовалюта сатып алууда этият болууга үндөп, ошондой эле телефон алдамчылары да кооптуу экени белгиленген.
"Шоу-бизнес жылдыздары, блогерлер, тез арада көп акча табуу схемаларын жана дарыгер менен кеңешилбеген дарыларды жарнамалоодо маанисине көңүл буруңуздар. Буга чейин сиздер жарнама кылгандар алдамчылыкка шектелип абакта отургандары да бар. Канчалаган карапайым адам кооз сүйлөп азгыргандардын айынан материалдык чыгымга дуушар болуп калууда", — деди облустук милиция.
Мындай учурда башында турган адамдар гана пайда көрүп, артындагылар сызга отуруп калары айтылат.
Ал эми телефон алдамчылары чоң ийгиликке жетишкени же жакын тууганы жаман окуяга кабылганы тууралуу айтып, алдап кетерин эскертти.
Тема боюнча: