Кыргызстандыктар 1-9-май күндөрү эс алат. Күндөр кандай жылды

Бүгүн министрлер кабинетинин отуруму өтүп, майдагы эс алуу күндөрүн жылдыруу чечими кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстандыктар 1-9-май күндөрү эс алмай болду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров отурум өткөрүп, бир нече маселени караган. Анын жүрүшүндө май айындагы эс алуу күндөрүн жылдыруу боюнча чечимдин долбоору жактырылган.
Документке беш күн иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 1-9-май күндөрүн дем алыш күн деп жарыялоо сунушталган.
Ал эми иш күнү болгон 4-май (шаршемби) 30-апрель (ишемби) дем алыш күнүнө, 6-май (жума) 14-май (ишемби) дем алыш күнүнө жылдырылган.
Беш күндүк график боюнча иштеген жеке менчик юридикалык жактардын жетекчилерине бул токтомго ылайык эс алуу күндөрүн жылдыруу сунушталды.
Россиялыктар май майрамдарында эң көп барчу өлкөлөрдүн ичинде Кыргызстан да бар