Россиялыктар май майрамдарында эң көп барчу өлкөлөрдүн ичинде Кыргызстан да бар

Буга чейин Туризм департаменти россиялык туристтерди Кыргызстандагы кышкы туризм бир топ кызыктыра баштаганын айтып келген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Май майрамдарына карата россиялыктар эң көп баргысы келген өлкөлөрдүн ондугунда Кыргызстан дагы бар. Бул тууралуу Туту.ру сайтына шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Россиянын жарандары май айындагы бир апталык эс алуу күндөрү барып келүү үчүн билеттерди эң көп Өзбекстан, Түркия, Кыргызстан, Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Израиль, Грузия жана Грецияга алышты", — деп айтылат кабарда.
Дүйнөлүк туристтик уюмдун маалыматы боюнча, 2018-жылы Кыргызстанга Россиядан 502 миң турист келген, 2019-жылы — 540 миң, 2020-жылы пандемиядан улам болгону 143 миң киши эс алып кеткен. 2021-жылдын биринчи кварталында республикага 49 миң россиялык турист келген.
Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү Екатеринбургда көрсөтүлдү. Сүрөттөр