БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстан өзүн дары-дармек менен үч пайызга гана камсыздайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык каражат департаментинин директорунун орун басары Канат Бекбоев билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингге катышкан.
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин директорунун орун басары Канат Бекбоев (сол жактан экинчи)
"Фармацевтика рыногунда ата мекендик өндүрүштөн чыккан дары-дармек үч пайызды гана түзөт. Ал эми 97 пайызы 30дан ашык өлкөдөн алып келинет", — деди Бекбоев.
Адистин айтымында, былтыр 15,5 миллиард сомдук дары-дармек импорттолсо, быйыл биринчи кварталда дээрлик 5 миллиард сомго препараттар алып келинген.
2021-жылы Россия негизги импортчу болсо (15 пайыз), быйыл экинчи орунда. Мамлекеттик реестрде Кыргызстанда колдонууга уруксат берилген дары-дармектин 6 186 түрү бар, анын ичинен 839у россиялык өндүрүштөн чыгат. Бул реестрге Украинадан келген 389 аталыштагы дары-дармек да кирет. Алар негизинен жүрөк-кан тамыр ооруларына каршы препараттар, анальгетиктер, витаминдер, наркотикалык жана психотроптук препараттар.
Мындан улам Бекбоевге "Украина каражатына альтернатива табылабы?" деген суроо берилди.
"Бизде наркотикалык жана психотроптук каражаттар боюнча маселе болгон. Саламаттык сактоо министрлиги ушуга окшош дарыларды каттоосуз алып кирүүгө уруксат берген. Фармацевтикалык компаниялар бул дарыларды импорттой башташты. Ошондой эле психотроптук жана наркотикалык каражаттарды жеткирүү боюнча россиялык компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө", — деп жооп берди ал.
Мындан тышкары, министрлик башка маанилүү дары-дармектерди каттоосуз ташып келүүнү пландап жатканы кошумчаланды.