Кыргызстанда 1-июндан тарта жөлөк пулдарды көбөйтүү сунушталды

Министрлик токтом долбоорунун максаты азык-түлүккө болгон баанын өсүшүнө байланыштуу калктын аярлуу катмарына көбүрөөк колдоо көрсөтүү экенин айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 1-июндан тарта жөлөк пулду көбөйтүүнү сунуштады.
Министрликтин токтом долбоору өкмөттүн сайтында коомдук талкууга коюлду.
Долбоордо жөлөк пулдун төмөнкү түрлөрүн жогорулатуу каралган:
"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун — 810 сомдон 1200 сомго;
I топтогу майыптардыкын — 2500 сомдон 5500 сомго;
II топтогу майыптардыкын — 2000 сомдон 3000 сомго;
III топтогу майыптардыкын — 1500 сомдон 2000 сомго;
ата-энесинин биринен ажыраган балдардыкын — 2000 сомдон 3000 сомго;
баатыр энелердикин — 2500 сомдон 3000 сомго;
улгайган жарандардыкын — 1500 сомдон 2500 сомго;
Министрлик токтом долбоорунун максаты азык-түлүккө болгон баанын өсүшүнө байланыштуу калктын аярлуу катмарына көбүрөөк колдоо көрсөтүү экенин айтууда.
5 эсе көп пенсия алышмак. Байсалов Соцфонд реформасын сындагандарга жооп берди