Радио

Самаганов: чек аранын чечилишине тажик тарап кызыкпай жаткандай болууда

"Аппликата" стратегиялык чечимдер борборунун проект-менеджери Нурбол Самаганов чек ара чырын басууда кыргыз-тажик тарап бири-бирине сес көрсөтүү максатында атаандашып, курал чогултуу коркунучу жаралышы ыктымалдыгын айтты.
Sputnik
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселесин чечүүдө калктуу пункт болгону ишти татаалдаштырып жатат. Мындай пикирин Нурбол Самаганов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, маселени чечүүдө эл аралык сотко кайрылуу жолу ачык бойдон турат. Бирок мындай учурда аталган институттун чечими менен эки тарап тең макул болушу шарт.
"Кыргыз-тажик чек ара маселеси 30 жылдан бери чечилбей келе жатканынын олуттуу себептеринин бири — калктуу пункт болгону. Эл жыш жана шахматтык түрдө жайгашуусу, кандай чечим кабыл алынбасын анклавдардын калуусу абалды оорлоштурат. Бирок ошентсе да ушунча жылдар ичинде бул маселеге чекит коюлушу керек болчу. "Тангону бийлегенге эки киши керек" дегендей, бул кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө да эки тараптын тең кызыкчылыгы болушу шарт. Тилекке каршы, Тажикстан мындай ынтызарлыгын көрсөтпөй жатат. Буга чейинки конфликтилерде деле тажик тарап сөз жүзүндө гана макулдашууга келүүгө, маселени чечүүгө каалоосун билдирген сыяктуу түр калтырып, ал эми иш жүзүндө аракетке өтпөй келген. Бул багытта Кыргызстандын позициясы ачык. Кыргыз тарап көйгөйдү бир гана макулдашуулар, келишимдер менен чечип алууну көздөп жатканын ачык эле билдирүүдө. Эки тарап бирдей деңгээлде сүйлөшө ала албаган соң учурда башка коркунуч келип чыгышы ыктымал. Бири-бирине сес көрсөтүү максатында курал-жарак ала беришип, Марокко менен Алжирдей "куралдар жарышы" деген атаандаштык жаралышы мүмкүн. Анда эки өлкөнүн тең бюджети чоң зыян тартат", — деди Самаганов.
Ал маселени чечүүдө дүйнөлүк сотко кайрылбай, бирок үчүнчү мамлекеттердин катышуусу менен аракетке өтсө да болорун кошумчалады.