Кыргызстан менен Тажикстан чек ара чыры боюнча дагы сүйлөштү. Макулдашуулар

14-апрель күнү саат 08:30га карата кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кечээ, 13-апрелде, кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр боюнча үчүнчү ирет эки тараптуу жолугушуу болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Билдирмеге караганда, 14-апрель күнү саат 08:30га карата кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу.
"Кечээ, 13-апрелде, саат 18:00дөн 18:30га чейин Кыргызстан менен Тажикстандын делегациялары жолугушту. Кыргыз тарапты Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Уларбек Шаршеев жетектеп барса, тажик тарапты УКМК төрагасынын орун басары, чек ара аскерлеринин командачысы Раджабали Рахмонали жетектеген. Сүйлөшүүгө Баткен менен Согд облусунун башчылары, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышкан", — деп айтылат маалыматта.
Сүйлөшүүдө жетишилген макулдашуулар:
Жаңжал учурунда чек арага тартылган кошумча кирген өздүк курам, аскер техникаларын алып чыгууну улантуу.
Бул чечимди аткаруу үчүн эки тараптын тийиштүү органдарынан турган комиссия иш жүргүзөт.
"Комиссия 14-апрелде Лейлек жана Гафуров райондорунун аймагында, 15-апрелде Баткен менен Исфара райондорунда иш алып барат. Мындан тышкары, чек ара кызматкерлеринен турган жумушчу топ түзүлүп, алар Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тозотторунун жүрүү маршруттарын тактап чыгышы керек", — деп айтылат маалыматта.
Садыр Жапаров журналисттер менен оппозицияга кайрылды
Жергиликтүү бийлик менен милиция суу, жайыттарды чогуу пайдалануу боюнча мурда жетишилген макулдашуулардын сакталышы боюнча калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзө турганы да кошумчаланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында делегациялар протоколго кол коюшкан.
Эске салсак, 12-апрелде тажик чек арачылары кыргыз чек арачыларынын эскертүүсүнө карабай Кыргызстандын аймагына кирип, жыйынтыгында ок атылган. Бирок эки тараптын Чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин атышуу токтотулганы, кырдаал туруктуу экени айтылган. Кийинчерээк кайрадан атышуу болуп, тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёт менен аткылай баштаганы кабарланган. Тажик тарап кыргыз айылын миномёт менен атуусун токтоткон соң Баткен районунун Радар-1 жеринде турган Кыргызстандын чек арачыларына ок чыгара баштаган.
13-апрелге караган түнү Лейлек районуна караштуу Кыргыз-Встреч аймагында кыргыз-тажик чек арасындагы абал талкууланып, тараптар чатак чыккан жерден кошумча каражаттарын алып кете баштаган.
Белгилей кетсек, чек арада чыккан чырдан кийин эки тарап үч жолу жолугушуу өткөрдү.
Баткенде абал турукташып, тургундар үйлөрүнө кайтып жатат