Коргоо министрлиги 9-майда кандай иш-чара пландалганын айтты

Башкы аянттан милиционерлер, чек арачылар жана аскерлер басышат. Бирок 31-августтагыдай парад өткөрүлбөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкекте 9-майда шаардык гарнизондун салтанаттуу жүрүшү өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
"Бул өлкөнүн Көз карандысыздыгына карата уюштурулган парад сыяктуу болбойт. Пандемияга чейинкидей кадимки жүрүш өтөт", — деп билдирди мекеме.
Өлкөнүн башкы аянтында ички аскерлер, милиционерлер, чек арачылар жана министрликтин Бишкек гарнизонунун аскерлери басышат.
Акылга сыйгыс демилге! Коргоо министрлиги Социалдык фондго катуу жооп берди