Жаан жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы

Күндүн табы кээ бир жерлерде 31 градуска чейин жетиши күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет аптанын дем алыш күндөрүнө карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Билдирмеге караганда, апта аягында көпчүлүк аймактарда күн ачык болот. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 29 градуска чейин ысышы ыктымал.

Чүй, Талас облустары

Эки облуста тең дем алыш күндөрү жамгыр жаабай турганы айтылды. Чүйдө абанын температурасы 23…28 градусту көрсөтсө, Таласта 25 градуска чейин ысыйт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Түштүк аймактарда 16-17-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн. Күндүн табы Ош менен Жалал-Абадда 31 градуска чейин жетсе, Баткенде 28 градусту көрсөтөрү божомолдонду.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Эки аймакта күн башка облустарга караганда салкыныраак болот. Абанын температурасы болжол менен 17…22 градуска жетиши ыктымал. Нарында бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
Арктика музунун бир бөлүгү эрип кетти. Планетанын экосистемасы эми кандай болот