Пресс-борбор

Кыргызстанда дары-дармектин канча запасы бар экени белгилүү болду

Дары-дармек жана медициналык каражат департаментинин өкүлдөрүнө запас тууралуу суроо узатылган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Медициналык мекемелерде дары-дармектин үч айлык запасы бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык каражат департаментинин директорунун орун басары Канат Бекбоев билдирди.
Дары-дармек жана медициналык каражат департаментинин директорунун орун басары Канат Бекбоев (солдон экинчи)
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингге катышкан. Бекбоевге препараттардын запасы канчага жетет деген суроо узатылды.
"Госпиталдык сектордо, башкача айтканда, саламаттык сактоо уюмдарында, дарыканаларда дары-дармектин үч айлык запасы бар", — деди ал.
Буга чейин Кыргызстанга дарынын 97 пайызы импорттоло турганы айтылган.
Кыргызстанда студенттерге акысыз көрсөтүлчү медициналык кызматтар. Тизме