Бишкекте айдоочу милицияны койдуруп кетти

Тартип сакчысын Гагарин менен Кубянский көчөлөрүнүн кесилишинен жөө бараткан жеринен кагып кетишкен. Жол кырсыктын чоо-жайы азырынча белгисиз.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкекте айдоочу милиция кызматкерин сүзүп кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Жол кырсыгы бүгүн, 14-апрелде, саат 9:30дарда болгон. Анда Ford Mondeo үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Гагарин менен Кубянский көчөлөрүнүн кесилишинен жөө адамды сүзүп кеткен. Кырсыктан жабыркаган киши Ленин райондук милициясынын кызматкери болуп чыкты. Учурда анын ооруканада экени айтылды. Кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.
Бишкектеги катуу шамалда дарак кулап, автоунааны басып калды. Видео