Бишкектин бир нече жеринде 1-сентябрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Тизме

Эми мындай иш-чаралар Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Горький сейил багында өткөрүлүшү керек.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкекте бир катар маанилүү аянттарда 13-апрелден 1-сентябрга чейин митингдерди өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
"Мүмкүн болгон массалык башаламандыктарды болтурбоо жана бөгөт коюу максатында, ошондой эле "Тынч чогулуштар жөнүндө" КР мыйзамын эске алуу менен Биринчи май районунун жетекчилиги райондук сотко арыз менен кайрылган", — деп айтылат билдирүүдө.
Сот Жогорку Кеңештин, Россия элчилигинин, президенттик администрациянын жана УКМК имараттарынын алдында, ошондой эле “Ала-Тоо” аянтында тынчтык митингдери менен нааразычылык акцияларын өткөрбөө чечимин кабыл алды.
Эми мындай иш-чаралар Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Горький сейил багында өткөрүлүшү керек.
Садыр Жапаров журналисттер менен оппозицияга кайрылды