"Өлбөс полк" жүрүшү. Бишкекте 9-майда митинг-реквием өтөт

Коргоо министрлиги Жеңиш күнүндө кандай иш-чаралар өткөрүлө турганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. 9-майда Бишкектеги "Жеңиш" аянтында Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 77 жылдыгына арналган митинг-реквием өтөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чарага согуштун ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери, ардагерлер уюмунун, чет мамлекеттердин аскердик-дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, ошондой эле борбордун тургундары жана коноктору катышат.
Иш-чаранын жүрүшүндө гүлчамбар коюу аземи болот. Мындан сырткары, согуш учурун эске салган "жоокер боткосу" уюштурулуп, "Өлбөс полктун" жүрүшү болот.
Буга чейин министрлик 9-майда салтанаттуу аскердик жүрүш өтө турганын айткан. Анда өлкөнүн башкы аянтында ички аскерлер, милиционерлер, чек арачылар жана министрликтин Бишкек гарнизонунун аскерлери басышат.
Акылга сыйгыс демилге! Коргоо министрлиги Социалдык фондго катуу жооп берди