Изотова: Башкыртстан Кыргызстанда өндүрүштүк ишканаларды ачууга ынтызар

Аткаминер өлкөнүн рыногун изилдеп көрүү керектигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Эгер өндүргөн товарды сатып салууга ылайыкталган рынок болсо Башкыртстандын ишканалары Кыргызстанда өндүрүштүк компанияларды ачып иштөөгө даяр. Бул тууралуу Башкыртстандын тышкы экономикалык байланыш жана конгресс ишмердүүлүгү министринин биринчи орун басары Лена Изотова билдирди.
Башкыртстандын тышкы экономикалык байланыш жана конгресс ишмердүүлүгү министринин биринчи орун басары Лена Изотова
Ал бүгүн Башкыртстандын Кыргызстандагы бизнес-миссиясынын жыйынтыгы жөнүндө Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингге катышты.
"Мисалы, бул жакта билим берүү борбору менен иштеген интерактивдүү доскаларды чыгарган компания алардын продукциясын мурда сатып алган өнөктөштөрүн тапты. Учурда аларды диллер кылууну пландап жатат. Ушундай варианттар каралууда. Мындай жагдайда өндүрүлгөн товар Кыргызстанга керекпи деген маселе жаралат. Рынокту изилдеп чыгыш керек", — деди Изотова.
Ал аталган жагдайларды эске алуу менен суроо-талапка жараша Кыргызстандын аймагында ишкердикти жүргүзүүгө ынтызар экенин белгиледи.
Башкыртстан Кыргызстандан эт, жашылча-жемиш алууга кызыкдар